Депутат мамлекеттик ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү туура эместигин айтты

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңеште депутат Наталья Никитенко мамлекеттик ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү туура эместигин айтты.

"Өкмөт айрым мамлекеттик ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүп жатат. Мындан көптөгөн жарандардын өмүрүнө коркунуч жаралууда. Хирургия бөлүмдөрүн кантип өзүн-өзү каржылоого өткөрөбүз? Ага бардык өлкө аймагынан бейтаптар шашылыш алынып келинет. Өмүр менен өлүмдүн ортосунда жаткан адамдар кантип жана кайдан каражат төлөй алат? Мамлекеттик оорукана менен менчик оорукананын кандай айырмасы бар? Анда мамлекеттин социалдык саясаты кайда калат?", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aiba.8327
2019-09-26 11:28:37
Молодец туура айтты...калган биздин койлордун мээлери жетер бекен ушуга ...
+2
JaneEr
2019-09-26 17:45:41
Билгенин кылсын и так талону да карта ачканы да анализ,УЗИ,рентген,укол сайганы да акча.Врачка консультация да акча.Бекер эч нерсе жокго.Россияда бизге баары бекер ОМС болсо,буерде только акча акча..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан