Депутат Момбеков: "Өкмөт "Манас" эпосу боюнча мыйзамды аткарбай жатат" деген сындар айтылды"

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңеште депутат Рыскелди Момбеков өкмөт "Манас" эпосу боюнча мыйзамды аткарбай жатат деген сындар айтылганын билдирди.

"Кыргызда "башканы коюп Манасты айт” деген сөз бар. Кечээ Коомдук биринчи каналда 1 сааттык түз эфирден “Мамлекеттин Манаска болгон мамилеси” деген берүү болду. Ага окумуштуулар, манасчылар, Жогорку Кеңештен мен катыштым. Бирок өкмөттөн бир дагы киши катышпай койду. Бул мамлекеттин Манаска болгон мамилеси. Анда өкмөттүн дарегине аябай ачуу сындар айтылды. "Манас" эпосу боюнча мыйзам 2011-жылы кабыл алынса, 2012 жылы ошол кездеги өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов тарабынан 5 жылдык улуттук программа кабыл алыныптыр. Ошонун 5 пайызы да ишке ашкан эмес. Анда мыйзамды эмнеге чыгардык? Манас атабыз кыргыз элин, жерин эч кандай уставы жок, уруксаты жок эле сактап келбедиби. Эми биз мыйзам менен коргоп жатабыз. “Манас” деген арак чыгып жатат. Өкмөт 4 жолу талкуулап токтото албай коюптур. Эми алар "Бакай", "Аккула" деген арак чыгарып жатыптыр", - дейт депутат.

Ошону менен катар эле эл өкүлү Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча маселе көтөрдү. "Кыргызды дүйнөгө тааныткан Сүймөнкул Чокморов деген СССРдин эл артисти бар. Анын 80 жылдык мааракеси өкмөттүк иш-чара болуш керек эле. Өкмөт бул иш-чараны өткөрүүнү Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүп койсо, министрлик аны Кинематография департаментине өткөрүп салыптыр. Ошол кишинин деңгээлин департаментке түшүрөсүңөрбү? Анан да иш-чара өткөрүүгө бир сом дагы акча каралбаптыр. Өкмөткө өкүргүм дагы, өтүнгүм да келбей калды. Мен президентибизге кайрылам. Кыргызда “кыргыздын өңү Сүймөнкулдун өңүндөй” деген сөздүн төркүнү төгүн болсо, урматтуу президент, президенттик фондуңуздан Чокморовдун өзүнүн сүрөтү түшүрүлгөн жашыл акчадан берип койгула. Уят болбой өткөрүп алалы. Ал тарыхтагы татыктуу киши”, - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан