Ош облусунун Өзгөн районунда дайынсыз жоголду деп изделип жаткан 15-жаштагы Нурдана Райымжанова табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-сентябрь күнү Өзгөн РИИБине Мырза-Аке айылынын тургуну, М.Разаков атындагы №76-жетим жана ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдардын жатак мектебинин тарбиячысы арыз менен кайрылган. Арызда 13-август күнү саат 18:00 чамасында мектептин жатаканасынан 9-класстын окуучусу, 15 жаштагы Нурдана Райымжанова чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болгондугун билдирген.
Өзгөн РИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын негизинде, 26-сентябрь күнү дайынсыз жоголгон Нурдана Райымжанова Ош шаарынан табылды. Ал апасына өткөрүлүп берилген. Азыркы учурда окуучу кыздын эмне себептен мектеп интернатынан чыгып кеткендигинин себептерин аныктоо максатында кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.