Депутат Чыныбай Турсунбеков Бишкектин жолдорун оңдоп-түзөө иштери унаа тыгындарын жаратып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бишкек шаарынын жолдорун оңдоп-түзөөдө унаа тыгындарын болтурбоону ойлонуштуруп жүргүзүү зарыл. Алдын ала пландалбай аткарылган иштен улам унаа тыгындары болуп жатат. Москва көчөсүн оңдоонун натыйжасында келип чыккан тыгындардан улам шаар жашоочулары нааразы болуп жатат. Узун көчөлөрдү жаап оңдоодо мэрия тарабынан альтернативдүү жол сунушталып, бир тараптуу көчөлөрдү убактылуу эки тараптуу кылуу керек", - дейт ал.