Кыргыз-Кытай чек арасындагы Торугарт жана Эркеч-Там көзөмөл өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чек араны жабуу демилгесин кытай тарап көтөргөн. Себеби Кытай өлкөсүндө билим күнү белгиленет.
"Торугарт көзөмөл өткөрүү жайы 1-октябрдан 6-октябрга чейин жабык болуп, 7-октябрда ачылат. Ал эми Эркеч-Там көзөмөл өткөрүү жайы 1-октябрдан 3-октябрга чейин жабылып, 4-октябрда ачылат", - деп жазылат маалыматта.