Чек арада каза болгон Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө жергиликтүү эл акчалай жардам берди (видео)

16-сентябрда Баткендин Максат айылына жакын жердеги Кыргыз-Тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Атышуунун кесепетинен мамлекеттик чек ара кызматынын “Бөрү" атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов каза болуп, 13 адам жаракат алган. Ал эми Тажикстан Кыргыз-Тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган.

Бүгүн, 26-сентябрда маркум чек арачы Равшан Муминовдун үйүндө куран окулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Лейлек районундагы активист Уланбек Матмуратов билдирди. Белгилүү болгондой, Кулунду айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын атынан маркумдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом берилди.

"Бүгүн, 26-сентябрда каза болгон мекендешибиздин жакындарына көңүл айтылып, куран түшүрүлүп, элден чогулган акча жакындарына тапшырылды", - деди Матмуратов.

Буга чейин маркум чек арачы Равшан Муминовдун үй бүлөсү батирде жашап келгени тууралуу жазганбыз.

Кыргыз-Тажик чек арасында ок тийип каза болгон Равшан Муминовго активисттер куран окушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
salimbek87.kg
2019-09-26 15:06:32
Жардам колун сунгандарга Аллах разы болсун
Равшан Муминовтун үй бүлөсүнө сабр берсин жаткан жери жайлуу ыйманы саламат болсун аамиин
+11
Sicilya
2019-09-26 17:47:08
Карапайым Элден айланса болот
+1
bema_bema
2019-09-26 21:28:12
Баягы бийликтен таш балекет жок,карапайым элден айланса болот .Жардам колун сунган жарандарга Аллахым ыраазы болсун.Элсом ачып койсо жакшы болмок бийлик жардам бербесе бизге окшогондор кичинеден бллсо да которот элек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан