Интернет колдонуучулар наристе кучактап жолдо кайыр сурап жүргөн эркек кишинин сүрөтүн талкууга алууда

Интернетке болжолдуу 1 жашка жашы жете элек баланы көтөрүп алып жолдо кайыр сурап жүргөн эркек кишинин сүрөтү тарады. Анын колунда картон кагаз бар, бирок анда эмне деп жазылганы көрүнбөйт.

Сүрөттү жүктөгөндөр "Совет көчөсү менен Түштүк магистралдын кесилиши. Бала көтөргөн кайырчы киши, унаалар бул жерде жогорку ылдамдыкта жүрөт", - деп жазышкан. Сүрөткө интернет колдонуучулар түрдүү пикирлерди жазышууда. Айрымдары ал кишини "иштесе болот го" деп жемелесе, кээ бирлери "абалы оор болсо керек, баланы таштаганга эч ким жок аргасыздыктан чыкты" деп божомолдошууда. Арасында ал кишини компьютердик оюндарды ойноткон клубдардан көргөнбүз дегендер да бар.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кайрылды.

"Бул сүрөт боюнча ШИИББ тарабынан териштирүү иштери башталды. Бирок ал кишинин ким экендиги, аты-жөнү тактала элек. Издеп жатабыз", - дешти шаардык милициянын маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
katerina.li
2019-09-26 18:01:12
Жаш эле эркек киши экен. Наристеге убал гг,кечке жол боюнда турган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан