Ошто агасын өлтүрүп, сөөгүн өрттөп салганга шектелген жаран 2 айга камакка алынды

Ош шаарында бир тууган агасын өлтүрүп, машинанын дөңгөлөктөрү менен өрттөп салды деп шектелген жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери уланууда.

Оштогу Төлөйкөн айылынын 28 жаштагы тургуну А.Ж. жакындары тарабынан өлтүрүлүп, аны үйүнүн батыш тарабында жайгашкан ээн талаага көмүп салган. Анын өлүмүнө шектүү катары 23-сентябрь күнү 23 жаштагы бир тууган иниси кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө жасаган кылмышын моюнуна алган. Шектүү бир тууган агасын өлтүрүп, ээн талаага алып барып, машинанын эски дөӊгөлөктөрү менен кошо өрттөп, өлүктүн калган калдыктарын көмүп койгондугун айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurik929394nur
2019-09-26 18:19:06
Бир адам 2 ай еле камака алды 2 ай А Ага шанс берди $$$таап келсен чыгып кетесин
+2
Kanybek194
2019-09-26 18:26:24
жаман болуптур
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан