Депутат Кожобек Рыспаев орусиялык алып баруучу Андрей Малаховдун кыргыздар тууралуу айтканы боюнча чара көрүлүшү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Малахов кыргыздар жөнүндө айтканы боюнча протоколдук тапшырма берип коёюн деп жатам. Анын кыргыздар тууралуу айтканына реакция болушу керек. Ал такси айдаган кыргыз бала тууралуу айтып жатып, ага 100 миң доллар берсе кандай буйрутма берсе ошону аткарат деп билдирди. Буга Тышкы иштер министрлиги, элчилик реакция кылышы шарт. Кыргыздарды антип кемсинтүүгө жол бербеши керек. Чара көрүшү керек", - деди Рыспаев.