"Жарадар болуп келген балдардан мамлекеттик ооруканадагы дарыгерлер окту албай коюшту". Кой-Таштагы окуяны иликтеген комиссиянын көчмө жыйыны өтүүдө

Бүгүн, 26-сентябрда Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын көчмө жыйыны өтүүдө. Ал Аламүдүн райондук администрациянын имаратында өтүп жатат. Жыйынга Кой-Таш айылынын тургундары чакырылган. Алар комиссиянын курамына ишенбөөчүлүк көрсөтүшүүдө.

7-8-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы штабында болгондордун бири Ороз Төлөнөв төмөнкүлөргө токтолду.

"Исмаил Исаков менен Клара Сооронкулованын комиссиянын курамында болушуна моралдык жактан укуктары жок. Комиссиянын жыйыны Кой-Таш айылында өтүшү керек", - деди ал.

Бул талапка комиссиянын төрагасы Бактыбек Раимкулов: "Кийинки көчмө жыйын Кой-Таш айылында өтөт" деп жооп берди.

Жарандык активист Адилет Мыктыбек: "Жаштар чыгып, бул окуя тууралуу сүйлөгөндөн чочулап жатышат. Анткени, сүйлөгөндөргө кысым, куугунтук дагы деле токтой элек. Мамлекеттик ооруканаларда дарыгерлер жарадар болгон балдарды кабыл албай, жеке клиниканын дарыгерлерин алып келип окторун алдырдык", - деди.
Көчмө жыйынга катышып жаткан 75 жаштагы Аблесова комиссия курамында КСДПнын өкүлдөрү жок экен деп нааразы болду.

Кой-Таш айылындагы окуялардын кесепетинен келип чыккан себептик-иликтөө байланыштарын изилдөө боюнча топко: Бактыбек Райымкулов, Тынчтык Шайназаров, Талант Мамытов, Абдыбек Дүйшалиев, Алмазбек Батырбеков, Марат Жаманкулов, Рысбек Абдысатаров, Кубатбек Кожоналиев, Алишер Мамасалиев кирген.

Окуялардын талдоосун даярдоо боюнча жумушчу топко Жеңиш Разаков, Жаныбек Бакчиев, Бакирдин Субанбеков, Исмаил Исаков, Азамат Араев, Алтынбек Намазалиев, Бекболсун Асанкулов, Артур Медетбеков, Марс Саккараев кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан