Бишкекте алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы Октябрь РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда жабырлануучу 1-февраль күнү товар ташып иштейм деген жаран анын ишенимине кирип, Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын ижарага алган. Андан кийин ал унааны сатып, качып кеткенин айткан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында, шектүү катары 33 жаштагы Э.Б. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.
Милиция кызматкерлери шектүүдөн жабыркагандар болсо төмөнкү телефон номерлерге чалууну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0502 102-327, 0773 103-089.