Кыргызстандык “Абдыш-Ата” футбол командасы Түркиянын Эскишехир шаарында өтүп жаткан футбол боюнча эл аралык мелдеште казакстандык “Восток” командасына 4:2 эсебинде утулуп калды. Ал эми 11-августта 3-орун үчүн болгон мелдеште “Абдыш-Ата” Түркиянын “Эскишехирспор” командасынан 2:1 эсебинде жеңилүүгө дуушар болду. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Финалдык беттеште түркмөнстандык МТТУ командасы менен казакстандык “Восток” командасы бүгүн, 12-августта таймашат.