Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда АКШнын эки жараны баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-сентябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайынан милиция кызматкерлери Honda Odissey үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унаада эки чет элдик жаран болгон. Алардын баштыгын текшерип көрүшкөндө марихуана баңги заты табылган.
"Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жарандардын бири эки айга камакка алынды. Ал Аксы районундагы мектепте ыктыярчы болуп, англис тили сабагынан сабак берип жүргөн", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.