Лейлек районундагы Максат айылында жайгашкан Максат чек ара постундагы көзөмөл мунара оңдоп-түзөө үчүн алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган посттун кызматкери билдирди.
"Көзөмөл мунара оңдоп-түзөө максатында 25-сентябрда алынган. Анткени мунара атышуудан кийин жараксыз абалда калган", - деди кызматкер.
Аталган көзөмөл мунарасы 16-сентябрда Кыргыз-Тажик тараптардын ортосунда болгон жаңжалда аткыланган.