Мамлекет ички резервди натыйжалуу колдонуу менен үнөмдөп жашоого көнүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынында айтты.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр өз сөзүндө 2019-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталып турганын белгиледи. "Ички дүң продукциянын көлөмү 335 миллиард сомду түздү, реалдуу өсүш 6,2 пайыз болду. Кумтөрдү кошпогондо ички дүң продукциянын көлөмү 299 миллиард сомду түзүп, 3 пайызга жогорулады. Өсүш бардык тармактарда камсыз болду. Өнөр жай – 17,4 пайызга, курулуш – 7,8 пайызга, кызмат көрсөтүү – 2,5 пайызга, айыл чарбасы – 1,6 пайызга өстү", - дейт Абылгазиев.
Премьер-министр белгилегендей, 8 айдын жыйынтыгы боюнча, экспорттун өсүшү 1 миллиард долларга жогорулады. Импорт 11,8 пайызга азайды.
"Өкмөт бизнести жана жеке инвестицияларды коргоо боюнча бир катар натыйжалуу чараларды көрдү. Натыйжада, тикелей чет элдик инвестициялардын көлөмү 1-жарым жылдыкта 394 миллион долларды түзүп, 59,9 пайызга өстү. Коомдогу кабатырланууну жараткан дагы бир көйгөй – бул өлкөнүн тышкы карызы. Эгерде буга чейин тышкы гранттар жана насыялар ички булактардын кирешесинин тартыштыгын жабуу үчүн да пайдаланылып келген болсо, азыркы бюджетте тышкы карызды – азайтып, туруктуу тейлөөгө багытталат. Ички дүң продукция салыштырмалуу тышкы карызыбыз жылдан жылга кыскарып бара жатат. 2018-жылы 48 пайызды түзсө, ал эми 2019-жылдын аягына чейин 46,5 пайызга жана 2020-жылы 43,5 пайызга азайтууну болжолдоп жатабыз", - деди Абылгазиев.