Достук унаа жол көзөмөл өткөрүү жайында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет жасаган Өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-сентябрь күнү 29 жаштагы Өзбек жараны А.Д. мамлекеттик чек аранын көзөмөл-өткөрүү жайынан тышкары жерден кесип өтүүгө аракет жасаган. Жагдайды териштирүүдө кармалган жарандын чыгуу визасы жок экендиги аныкталган. Тийиштүү иш-кагаздары толтурулгандан кийин, кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.