2019-жылдын 8 ай аралыгында президенттин атына жарандардан 10126 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көпчүлүк кайрылуулар сот жана укук коргоо органдарынын ишине тиешелүү - 3375 кайрылуу же 43,7 пайызды түзгөн.
Аткаруу бийлигинин компетенциясына тиешелүү кайрылуулардын саны 2043. Жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан кайрылуулардын саны - 1013 кайрылуу же 13,1 пайыз.
Президенттин жана анын аппаратынын атына келип түшкөн кайрылуулардагы маселелердин көпчүлүгү талдоо көрсөткөндөй жергиликтүү бийлик тарабынан чечилчү маселелер жана мамлекет башчысынын түздөн-түз кийлигишүүсүн талап кылбайт. Бирок алардын иши канааттандырарлык эмес болуп жаткандыктан, алар аргасыздан мамлекет башчысына кайрылып жатышкандыгын көрсөтөт.
Бардык келип түшкөн 7726 кайрылуулардын 6228и көзөмөлгө алынып, алардын 5643ү мөөнөтүндө аткарылды. Ал эми 585и мөөнөтүнө ылайык аткарылууда.
Калган 1498 кайрылуу маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароолоруна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга тийиштүү жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү берүү иштери жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн талдоого ылайык, 2019-жылдын 8 айында кайрылуулардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 8,8 пайызга азайган.