Алып баруучу Андрей Малахов Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына жооп берди

Орусиялык алып баруучу Андрей Малахов анын эфирде Кыргыз өлкөсүнүн жарандары жана Исламбек Акбаров тууралуу айткан сөзүнө нааразы болгондорго жооп берди. Бул тууралуу Малаховдун сайтында жарыяланды.

"Алып баруучунун жеке пикири демократиялык өлкө деген Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын нааразычылыгын жаратат деп ойлобоптурмун, бирок мен Александр Маруговдун уулунун өлүмү тууралуу көрсөтүүмдөн кийин сутка ичинде 20 000 ден ашуун элден пикир алдым. Сашанын мотоцикли рулда 24 жаштагы Исламбек Акбаров олтурган такси менен сүзүшкөн. Биздин көрсөтүүдө ондон ашуун улуттун өкүлдөрү эмгектенет. Бул чыгарылышта менин милдетим журналист катары уулунан айрылган энени коргоп, уулу эмнеге каза болгонун билүүгө аракет кылышым керек болду".

"Мыйзам бузуулар, кылмышкерлер жана жабыркагандар атуулдукка же улутка карабайт, мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Мен кыргыздарды бир эле менин сүйүктүү жазуучум Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу эмес, сүрөтчү Семён Чуйковдун мектеп китептериндеги иллюстрациялык сүрөттөрүнөн жана жеке тааныштарым аркылуу билем. Мен журналисттик жумушумду гана аткардым деп ойлойм. Татьяна Маругова көңүл айтууну күнөөлүү адамдын өзүнөн эмес анын өкүлүнөн укту. Менин сөздөрүмдү кээ бир Кыргыз жарандары туура эмес кабыл алышканына өкүнөм. Мен тынчтык үчүн меймандостук мамилени, чындыкты жана сөз эркиндигин колдойм", - дейт Малахов.

24-сентябрь күнү "Россия 1" телеканалынан олигарх Александр Маруговдун уулунун жол кырсыгындагы өлүмү тууралуу көрсөтүү эфирге чыккан. Кыргыз өлкөсүнүн жарандары социалдык тармактарда "көрсөтүүнүн жүрүшүндө алып баруучу Андрей Малахов бүтүндөй кыргыз элинин дарегине орой сүйлөдү" деп анын кечирим суроосун талап кылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Migrant-rf
2019-09-27 17:33:07
Мынан келди, "Пошли вон от сюда" деп тоотпоптурда Кыргыздарды!
+8
Bazana
2019-09-27 17:35:03
Чындык чычалатат дегендей Малахов туурасын айтса чычалап жатып калдыкпы, жалганбы эшектен эле туура машинеге отуруп таксист болуп чыга келгенибиз, права сатылып атса ушундай окуялар бир эле биздин жарандар менен Россияда эмес озубуздо дагы күн ара бөлүп атпайбы канчалаган адамдар кырылып кетти айдочуулардын шалакылыгынан.
+25
Azatbek.Svoboda.
2019-09-28 16:59:54
Bazana,А бирок такси жашыл чырак да бурулуп жатат!
0
Mamiev
2019-09-27 17:46:17
10 долларга иштешет бардык айыл ыраазы болот кеңири жашайт 100 миң рубль га дебединби акмак. Биздин эл Россияда эмгектентени менен Аллага шүгүр жакшы эле жашайбыз сен ойлогондой эмес. Бир сапляк келип таксист болду дейсиң. Сен жалпы элден кечирим сурашын керек. Анан дагы Кыргыз туугандарга айтаар элем айылда бир эки жыл машина минип Москвада такси кылам дегендер бир аз билим алып жол эрежесин уйронсо.Москва айыл эмес да гилтейгаен шаар правиланы жакшылап өздөштүрүп анан чыгыш керек таксиге
+9
AkyL
2019-09-28 00:31:10
Mamiev, Кыргызстанга караганда сенин созун менен айтканда гилтейген шаарда уна башкару женил. Кырсык каш кабактын ортосунда кайсыл жерде эмне болорун билбейсин.
0
Ziregim
2019-09-27 17:49:10
20 минге жакын билдирууну нараазычылык кылгандардан алдын да каапыр
+10
Paprikafm
2019-09-27 18:02:16
Озун сапляксын
+8
JaneEr
2019-09-27 18:40:09
Созундо чындык бар бир аз,бироонун жалгыз баласы олду жол кырсыгынан.Таксист куноолуу.Москвада КРда жургондой айдаган.Кемсинткени менен бул чындык,чындык эч кимге жакпайт.Намыстанган менен бизде куру намыстан башка эч нерсебиз жок.Чычалап коебуз дагы.
+5
Kyrgyz_bloger
2019-09-27 18:54:06
Саясатчылар жооп кайтарганы туура эмес деп ойлойм,кыйын болсонор элинерди олконорго алып барып иш берип багып алгыла десе эмне дейсинер.
+9
akmanai
2019-09-27 19:30:37
Kyrgyz_bloger,Антип айтканга кандай акысы бар. Баардык элде мигранттар бар. Ошол эле орус жарандарынан да чет олкодо мигрант болуп жургондору жок эмес. Бул жерде элдин кыжырына тийгени анын бир баланы куноологону эмес жалпы кыргыз элин кемсинтип суйлогону болуп жатпайбы.
+9
nurhan2702
2019-09-28 10:06:16
Kyrgyz_bloger,чын . Мисалы :Россияда мигрант болуп иштеген бир да казак корбоймун. Баарына бийлик куноолуу . Элди тентитип койгону аз келгенсип , шылдындаса чычалап созду козгоп чыгышат. Малахов эфирден чыкканын коруп ушунча болосунар, канча жылдан бери орусиянын менттеринен кордук корсок да эшигин шыпырып журобуз.
0
meni_kut
2019-09-28 11:07:01
nurhan2702,Кореяга келсен брат коросун 2 млн казак мигранттар бар.
0
madina.87
2019-09-27 19:46:22
Айтса айтпаса 10$ айлыкка иштегенибиз жалганбы?
Кечээки жыйында пенсия 400сомдон башталат деп отурушса анан.
Медиктердин айлыгы 10 долларга да жетпей жатпайбы аттиң...
4000 сомго иштешет
-2
tynara81
2019-09-28 11:56:20
madina.87,10 долларың 700 да.
0
Dembele84
2019-09-27 21:47:17
Мен Малаховдун передачасын постоянно корчумун.Бирок чынында ал улутуна и тууганына,даже орустун куноокор закон бузган адамы болсо,ар нерсе деп коркпостон айта берет,чтобы бул жактагы потерпевший коргош учун
-2
Shakek
2019-09-27 22:39:42
madina 87 жалган ким иштейт 10$ го
10$ 700 сом болот эн аз пенсия 5500сом сен айтан медиктер 4мин алса 50$ ойдо болот
+1
madina.87
2019-09-27 23:07:03
Shakek,Ооба 100$деп жазам деп жаткам,адашып
жазып алыпмын
-1
gitaris93
2019-09-27 23:37:01
Shakek,жоок эң аз 1700 экенин билем бул факт
+1
AkyL
2019-09-28 00:27:06
Малаховдун Пусть говорят программасын Кыргызстан теле беруусунон такыр алып таштаса корсотпой ошого ким кандай карайт ? Туура дейсиздерби?
+3
azimbaeva1989
2019-09-28 00:50:17
журналисттик жумушумду аткардым деп ойлойм дейтко. кайсы жерде турат журналист сапляк деп согуш керек экени. ошол сапляк деп жаткан 24 жаштагы бала менен ээн жерде жалгыз болуп айтсан корот элем тиштеринди тукуруп атмаксында шагыратып.
+3
Begimay.emir1
2019-09-28 02:08:01
Кырсык каш кабактын ортосунда. Праваны сатып алып эле айылдан туура Москвага келишет. Бизде билим алып диплом алуу, машинаны окуп уйронуу деген тушунук жок, баарын акча бутурот деп ойлойбуз. Анан сопляк десе чычалайбыз, депутаттарыбыз патриот болуп кетишет. Патриоттор- Баткенге барып чек араны чечкиле, соз териштирбей
+4
mikana
2019-09-28 11:40:40
Малахов туура айтат. Башынан аягына чейин жакшылап ойлонуп көрсөңүздөр.
Эми -басып эле жатып калгыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан