Бишкек шаарынын мэриясы Ош базарындагы аялдамаларды тартипке келтирүүдө. Анда Шаардык транспорт башкармалыгы, шаардык жол кыймылынын коопсузудугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен рейд жүргүздү.
Анда башаламан аялдамаларды уюштуруп алышкан шаар аралык маршруттук таксилердин патенттери текшерилип, административдик протоколдор түзүлдү. Иш-чаранын жыйынтыгында маршруттук таксилердин айдоочуларына 8 протокол жана 11 акт түзүлгөн.
Мындай иш-чаралар жумасына өткөрүлүп турат.