Чек ара кызматы "Чалдыбар автожолу" окуясы боюнча түшүндүрмө берди

28-сентябрга караган түнү Кыргыз-Казак чек арасындагы "Чалдыбар автожолунда" операция жүргүзүп жаткан УКМКнын кызматкерлерине белгисиз адамдар тарабынан кол салуу болгон. Чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча бул окутуу-машыгуу алкагында жүргүзүлгөн иш-чара болгон.

"Чалдыбар өткөрмө-пунктундагы чек арадагы ишмердүүлүктү текшерүү үчүн атайын мыйзамды бузган жаран жиберилген. Чек ара кызматы аны кармаган. Мындан кийин УКМКнын кызматкерлери иш-чараларды өткөрүшкөн. Саат 05.00 убактысында Чалдыбар-Бишкек багыты боюнча кетип бара жатканда УКМКнын кызматкерлери менен белгисиз адамдардын ортосунда чыр чыккан. Белгисиз адамдар унааны таш менен уруп баштаганда УКМК кызматкерлери "Чалдыбар автожолу" өткөрмө-пунктуна кайтып келишкен. Чыр ырбап кетпеши үчүн асманга ок атылган", - деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда Ички иштер министрлиги тергөө иштерин жүргүзүүдө. Учурда өткөрмө-пунктунда абал туруктуу.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан