"Мэрия эротика көрсөт деп буйрук берген эмес". Мэрия Бишкектеги автокинотеатрда уяттуу тасма кандайча коюлуп калганын түшүндүрдү

28-сентябрда социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы "Ынтымак" сейил багындагы автокинотеатрда эротикалык тасма көрсөтүлүп жаткандыгы боюнча видео тараган. Мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев ал видео кандайча көрсөтүлүп калганын түшүндүрдү.

"Бишкектеги бир паркыбыздын жанына жеке ишкер ачык аба кинотеатрында кино көргөзүп бизнес кылып келген. Ошол күнү көрсөтүлүп жаткан фильмде бир эпизод эротикалык мааниде болот. Аны бир жаран жолдон өтүп бара жатып тартып алат. Окуя ушундай. Эми бул ишкерге мэрия эротика көрсөт же мыйзамды буз деп буйрук берген эмес, бул абсурд.
Биздин бул жерде кандай тиешебиз бар?
Бизнес коомдун алдында өз милдеттерин так аткарышы керек. Ал коомдук баалуулуктарды сакташы керек, сактабаса мыйзам чегинде жазасын алат", - дейт Балбаков.

Буга чейин мэрия эми ал автокинотеатр жабыларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
sher90kgz
2019-09-29 14:24:30
Апасы мн Атасынын жанында бара жаткандар канти экен,экранды карай албай коргусу келип,зынк болуп калгандыр асбабы.
+4
bond02
2019-09-29 14:37:00
Анча мынча эротикалык эпизод бар болсо элдер видеого тартпай маани бербей отуп кете берсинби Балбак.
-9
talant87
2019-09-29 14:55:53
Ал кинону корду дейсинерби койгон адам алда билбей койуп алганго
-9
elchi84
2019-09-29 15:08:42
Мерия кой дебесе да ошону козомолдош керек ! Болбосо экинчи мындай болбош учун чара коруш керек.!
+2
souza.j
2019-09-29 16:20:03
Паника
-2
isarti
2019-09-29 16:38:47
Интернеттеги эротиканы ким тыят экен. Кором деген адам интернеттен деле оорлорун коруп атпайбы. Булар просто кинону элден мурда оздору карап койгон эмес. Шалаакылык.
-7
munduz2016
2019-09-29 23:11:49
Уят эле.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан