Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун соту өтүүдө. Экс-мэрлерге "жемкорлук" айыптарынын негизинде сот отуруму жүрүүдө.
Сотто Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо конушуна салынган мектептин курулушуна карата "Коррупция" беренеси боюнча козголгон кылмыш иши тергелип жатат.
Эскерте кетсек, 27-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 13 айыпталуучуга жана экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматовго карата каралып жаткан кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум ɵткɵн.
Сот отурумуна күбɵ катары Сатыбалдиев Ж. Ж., Масекова Ж. А., Осмонжанов А.А. чакырылып, суралган.