Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлгөн эмес. Мындай маалыматты бүгүн, 30-сентябрда министрликтин маалымат кызматынан таратты.
"26-сентябрда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы спецназдын катышуусунда тергөөчүнүн жана соттун чечиминин негизинде Соттук өкүлчүлүк борборуна байланыштуу акчаны максатсыз колдонуу боюнча документтерди алуу үчүн Финансы министрлигинде тинтүү жүргүздү. Тинтүү министрдин кабинетинен башталган. Документтерди алуу министрдин иш бөлмөсүнөн эмес, кызматтык иш кагаздары сакталган бөлмөдөн министрликтин өкүлүнүн катышуусунда алынган. Министрдин иш бөлмөсүндө эч кандай тинтүү болбогонун маалымдайбыз", - деди министрликтин маалымат кызматынан.
Жээнбаева 30-сентябрь күнү финансы полициясына суракка чакырылганы тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген. Анын айтымында, ал суракка Соттук өкүлчүлүк борборунун төлөмдөрү боюнча чакырылган.
"Ал убакта мен иштеген эмесмин. Бул төлөмдөр 2012-2015-жылдары жүргүзүлгөн. Менин эч кандай тиешем жок. Төлөмдөр министрлик тарабынан жасалган. Ушул боюнча чакырып жатышса керек", - деген министр. Жээнбаева 30-сентябрда иш сапарына кетерин, суракты башка күнгө жылдырууну суранаарын кошумчалаган.
Финансы полициясы бул боюнча азыр эч кандай маалымат тарата элек.