Бишкекте тамак оору боюнча эпидемия жүрүүдөбү? Бишкектеги Жугуштуу оорулар боюнча республикалык ооруканасынын жообу

Борбор калаабызда тамак оору вирустук инфекциясы күчөп жатат. "Ар бир төртүнчү адамдын тамагы ооруп, эпидемия болгондой. Балдар арасында да курч респиратордук вирус оорусу жайылууда. Бул эпидемия эмеспи?", - деген тынчсызданууларын шаар тургундары билдиришти. Бул маалыматты тактоо үчүн SUPER.KG порталы Бишкектеги Жугуштуу оорулар боюнча республикалык ооруканасына байланыштык.

"Азыркы тапта биздин оорукана штаттык режимде иштеп жатат. Эч кандай эпидемия коркунучу жок. Бизге акыркы эки суткада 200-300 адам кайрылса, анын ичинен 100 бейтапты гана стационардык дарылоого жаткыздык. Балдар арасында курч респиратордук вирустук инфекция күчөп жатат деген маалымат туура эмес. Негизи аба ырайы сууктаганда балдардын көпчүлүгү жеңил суукка кабылышат. Мындай учурда ата-энелер ооруну күчөтүп жибербеш үчүн профилактикалык иштерди аткарышы керек. Азыркы тапта биздин ооруканага кайрылган 48 баланын ичинен 17 бала стационардык дарылоо көзөмөлүндө", - деди Бишкектеги Жугуштуу оорулар боюнча республикалык ооруканасынын орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан