Медиа-порталдын "ЭЛДИК ВИДЕО" бөлүмүнө "2 жарым жаштагы акын" аталышындагы видео жүктөлдү.
Маалыматка ылайык, аталган видеону алгач төкмө акын Баян Акматов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн. Көпчүлүк интернет колдонуучулары аталган видеого жакты белгисин басышып, өзүнүн жакшы каалоо-тилектерин калтырышкан.
Видеодо бөбөк уулу акындын ырын жатка айтып, акынды таң калтырган. Баян Акматов бөбөк болгону 2 жарым гана жашта экенин белгилеп өткөн.
Видео Таласта өткөн мааракеде тартылган. Аталган иш-чарада 6 акын ыр майрам куруп, 6 акынга тең тойдун ээси чапан жаап, тулпар тартуулаган.