Бүгүн, 30-сентябрда Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун соту өтүүдө.
Соттук отурумдун жүрүшүндө эсеп палатасынан күбө катары Алмакан Ормушова чакырылган. Ал Кубанычбек Кулматовдун мэр болуп турган учурунда Калыс-Ордо жаңы конушунда курулган мектеп боюнча күбө катары жооп берди. Бирок ал көп суроолорго даяр эмес болгондуктан, жалпы катышуучулардын жана айыпталуучулардын нааразычылыгын жаратты. Мындан улам ага даярданып келүү эскертүүсү берилди.
Соттук отурумдун экинчи бөлүгү саат 14:00дө улантыла турган болду. Анда күбө катары Эсеп палатасынан башкы адис жооп берет.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.
Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.
Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда. Ушул жылдын 6-мартынан тартып Кулматов менен Ибраимовдун иштери бириктирилип, сотто карала баштады. Эки экс-мэрдин ишине байланыштуу жалпысынан 14 адамга айып коюлган.