Үйлөнүү тойдон чыккан. Орок айылындагы атышуу боюнча Чүй ОИИББи маалымат таратты

Сокулук районуна караштуу Орок айылындагы атышуу боюнча Чүй ОИИББи төмөнкүчө маалымат таратты.

"28-сентябрь күнү Орок айылында үйлөнүү той болгон. Тойдо Орок жана Жал айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Мындан улам Жал айылынын жашоочусу өзүнүн айылдаштарын чогултуп, Орок айылынын тургундары менен сүйлөшмөкчү болушат.

30-сентябрь күнү Ленин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкектеги ооруканалардын бирине октон жаракат алган эки жаран келип түшкөнү маалымдалган. Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, окуяны такташкан. Анда 29-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында Орок айылынын көчөлөрүнүн биринде Жал жана Орок айылынын тургундарынын ортосунда мушташ чыгып, белгисиз куралдан ок чыгарылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүүдө", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2019-09-30 19:17:26
Орок эмес Тапанча айылы болуп калдыго.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан