Президент Сооронбай Жээнбеков Ереван шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-сентябрдан 1-октябрга чейинки убакыт аралыгында Ереван шаарында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдиргендей, жыйын адаттагыдай тар жана кеңири курамда өтөт.

"Бул саммиттин өзгөчөлүгү – анын алкагында Кыргыз мамлекетинин ишкерлик чөйрөсүнүн өкүлдөрү дагы катыша турган “Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы” эл аралык форумун уюштуруу пландалууда”, - деди Данияр Сыдыков.

Ал өткөн жумада Бишкек шаарында “Евразиялык жумалык” ийгиликтүү өткөнүн эске алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан