Өкмөт башчы мугалимдердин айлык акысын жогорулатуу жөнүндө токтомго кол койду

Кыргыз өлкөсүнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев "Билим берүү системинин кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомго кол коюп, бул маселени ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кабыл алынган чечимге ылайык, билим берүү уюмдарынын айрым типтеринин адистик диплому бар педагогикалык кызматкерлерине айлык акы төлөө шарттары магистр программасы боюнча жогорку билимдүү кызматкерлерге теңдештирилет. Өкмөттүн чечими аркылуу жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын, ошондой эле билим берүү системинин кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысынын негизги бөлүгүнүн көлөмү 30 пайызга көбөйөт.

"Эмгек акысын мынчалык көтөрүүгө каражаттарды табуу кыйла кыйын болору тууралуу бардык скептикалык божомолдорго карабастан, биз аларды таптык. Жыл аягына чейин бул кошумча 1 миллиард 7 миллион сомду талап кылат, кийинки жылы - 7 миллиард сом. Өкмөт билим берүү тармагынын 120 миңге жакын кызматкеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн казынадан зарыл каражаттарды тапканын баса белгилеп кетким келет. Мамлекет жарандарыбыздын билим алуусуна жана ден соолугуна байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурат жана мындан ары дагы бул чөйрөлөргө колдоо жана каржылоо көрсөтүү үчүн аракет көрөт", - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан