"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунун катышуучусу, ырчы Нуркыз Кожонова сөйкө салынды. Мындан 4-5 күн мурда ырчынын сүйүктүүсү колун сурап, "жубайлыкка макулмун" деген жообун алган. Бүгүн, 30-сентябрда түгөйлөрдүн ата-энелери жолугушуп, Нуркыз айымга болочоктогу кайненеси сөйкө салды.
"Долбоордон келгенден кийин жигитим романтикалык кечеге чакырып, колумду сурады. Бүгүн, 30-сентябрда жигитимдин ата-энеси менен менин ата-энем болуп жолуктук. Болочоктогу кайненем сөйкө салды. Алдын ала калың беришти. Ал эми кыз узатуу жана үлпөт тойдун күнү белгилене элек.
23-октябрда Бишкек шаарында жеке концертимди өткөрөм. Концертти өткөрүп алгандан кийин турмушка чыгууга камданам", - дейт ал.
Нуркыз Кожонова Ысык-Көлгө келин болорун кошумчалады.