1-октябрдан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү көбөйөт

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев "2019-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө" токтомуна кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Токтомго ылайык, 2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүү каралууда.

Аны менен бирге пенсиялардын жана салынган камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүнө жараша пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 7 пайыздан 18 пайызга чейин жана андан ашык көбөйөт. Пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн көбөйүшү орточо 10,4 пайызды түзөт.

Өкмөттүн бул чечимдери эң төмөнкү чегин аныктоонун эсебинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, төлөм көп болсо, пенсия тутумуна ири чегерүүлөрдү жасаган жарандардын кызыкчылыгын коргойт.

Пенсияларды эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча пенсиялардын орточо көлөмү 5820 сомду түзөт. 667,3 миң пенсионерди индексациялоого кошумча 659,2 миллион сом талап кылынат. Аны менен бирге пенсиялардын базалык бөлүгүн жогорулатуу боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 67,3 миллион сом, пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатуу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн пенсия фондунун каражаттарынын эсебинен 592 миллион сом керек.

Эртең, 1-октябрдан тартып пенсионерлер жогорулатылган пенсия ала башташат.

Өкмөт башчы белгилегендей, социалдык төлөмдөрдү сапаттуу жана толук кандуу аткаруу мамлекеттин биринчи кезектеги милдеттеринин бири болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eli.91
2019-09-30 19:01:40
Саламатсыздарбы админ сураныч силерге кантип байланышсам болот? Ушул маселе жонундо силерге кайрылмакмын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан