Бүгүн, 30-сентябрда мэриянын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте чырлуу автокинотеатрды бузуу иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Октябрь райондук администрациясынан билдиришти. "Ынтымак" сейил багы биздин районго карайт. Андыктан 28-сентябрдагы автокинотеатрга байланышкан окуяга дароо реакция жасадык. Аталган кинотеатрдын ээсине жолугуп, эскертүү баракчасын бергенбиз. Андан тышкары, коомдук жайларда тасма көрсөтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Бүгүнкү күндө автокинотеатр демонтаж болуп, алынып салынды. Ал эми аталган кинотеатрдын ээсине чара көрүү боюнча Октябрь РИИБи иштеп жатат", - деди Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары Азамат Кадыров.
28-сентябрда социалдык тармактарда Бишкек шаарынын "Ынтымак" сейил багындагы автокинотеатрда эротикалык тасма көрсөтүлүп жаткандыгы боюнча видео тараган. Бул көрүнүш коомдо катуу сынга кабылып, мэрия ал автокинотеатр жабыларын
билдирген.