Бүгүн, 30-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычов, Амантур Жамгырчиевдин баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Мааыматка ылайык, алар 9-декабрга чейин камакта калтырылды.
7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, эл менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери ортосунда кагылышуу орун алган. 8-августта Атамбаев камакка алынган. 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычов, Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган.