"Коопсуз шаар" долбоорунун адамдардын өмүрүн сактоо жана жолдордо тартипти камсыздоо максаты ишке ашууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи баскычын ишке ашырууга салым кошкон кызматкерлерин сыйлоо аземинде билдирди.
"Көп жылдар бою "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашырылбай келген. Долбоордун жактоочулары да жана каршылаштары да көп болду. 2018-жылы өкмөттүн алдына коюлган артыкчылыктуу милдеттердин бири "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашыруу аркылуу өлкөнүн жолдорунда коопсуздукту камсыздоо болгон. Биздин позиция бирдей болгондугун, долбоор биздин коомго керек экендигин айта кетишим зарыл. "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашырылышы президент тарабынан колдоого алынган. Тендер ачык-айкын өтүп, бул долбоорду ыкчам жүзөгө ашырууну камсыздады. Бүгүн "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи баскычы ийгиликтүү ишке ашты деп ишенимдүү айтсак болот", – деди Абылгазиев.
Премьер-министр белгилегендей, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизген соң Бишкек шаарынын жолдорунда жана Чүй облусунун унаа жолдорунун айрым тилкелеринде оң натыйжалар бар.
"Долбоордун эң башкы жетишкендиги – жол кырсыгынын кесепетинен болгон өлүмдүн азайгандыгы болду. Жалпысынан коомчулук бул жаңылыкка оң көз карашын билдирди. Ошентип ал аркылуу айдоочулардын маданиятынын калыптанышына, жол кыймылынын бардык катышуучуларынын жоопкерчилигин жана тартибин жогорулатууга салым кошуудабыз. Ооба, сын-пикирлер бар. Айрымдары боюнча биз жооп кайтаруудабыз. Мисалы, жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын айрымдары боюнча айып пулдардын көлөмү азайтылат. Ошону менен бирге жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуулар үчүн айып пулдардын өлчөмү ошол бойдон калат", - деди ал.
Мухаммедкалый Абылгазиев "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи баскычын ишке ашырууга тартылгандардын бардыгына ыраазычылык билдирди.