Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовдун соту жылдырылды

30-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовго карата каралып жаткан кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум ɵткɵрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот отурумунда күбɵлɵр Алмакан Ормушова суралышты.

Иш боюнча күбɵлɵрдү камсыз кылуу үчүн сот отуруму 2-октябрга саат 9:00гө жылдырылды.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.

Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда. Ушул жылдын 6-мартынан тартып Кулматов менен Ибраимовдун иштери бириктирилип, сотто карала баштады. Эки экс-мэрдин ишине байланыштуу жалпысынан 14 адамга айып коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altyn-kumush
2019-10-01 09:55:54
Эгиз козулардын соту дале бүтпөй турган болду го. Аларды биротоло түрмөгө отургузуп алып багыш керек. Ошондо жакшыраак кусар.
-1
Absamat-90
2019-10-01 09:56:50
Булардын соту тарыхта эн узун сот процесси менен калмай болду. Булар актанганын койбоду,куболорун келбей калды деп атайын экс мэрлер создуктуруп жатат, сот ишине тоскоолдук жаратып.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан