5 жыл мурда "Манас" эл аралык аэропортунан 5 миллион доллар чыгарылып кеткен. Шектүүлөрдүн бири убактылуу кармоочу жайга киргизилди

"Манас" эл аралык аэропортунан 5 миллион долларды чыгарып кетүү фактысы боюнча кылмыш иши ачылды. Учурда тергөө иштери уланууда. Бул ишке тиешеси бар делинген бардык шектүүлөр кылмыш жообуна тартыларын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан маалымдады.

"5 миллион доллар каражатты өлкөдөн чыгарып кетүү оффшордук компания аркылуу жүргүзүлгөндүгү аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө 2014-жылы "Манас" эл аралык аэропортунда жооптуу кызматта иштеген кызматкерлер өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке жактар менен сүйлөшүүгө барган. Алар банкрот болгон "Жылытуу борбору" ЖАКсынын 100 пайыз акциясын алуу максатында жалпы суммасы 5 миллион долларды түзгөн келишимге кол коюшкан. Ал эми аталган акционердик коом аэропорттун аймагында жайгашкан", - деп жазылат маалыматта.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Сотко чейинки тергөө ишинин алкагында, 2014-жылдын декабрь айында "Манас" эл аралык аэропортунун дарегине "Ф.С.Л." компаниясынан коммерциялык сунуш түшкөн. Чет элдик компаниянын директору Кипр Республикасынын Е.К. аттуу жараны болгон. Анда "Жылытуу борбору" ЖАКсынын 100 пайыз акциясы үчүн 7 миллион доллар сунушталган. Бул коммерциялык сунушту карап чыгуу "Манас" эл аралык аэропортунун юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси Б.М.`га жана каржы-экономикалык дирекциясынын жетекчиси А.Ж.`га тапшырылган. Алар "Жылытуу борбору" киреше алып келерин, эч кандай карызы жок экенин көрсөткөн жасалма маалым кат даярдашкан. Бирок ошол кезде акционердик коомдун карыздары активден ашып, банкрот болууга туш болгон.

Ошол эле жылдын 25-декабрында коммерциялык сунуштан кийин "Манас" эл аралык аэропортунун директорлор кеңеши "Жылытуу борборун" сатып алуу сунушун жактырып, 26-декабрда акционердик коомдун 100 пайыз акциясын 5 миллион долларга сатып алуу чечимин чыгарган. Ошол эле күнү "Манас" аэропортунун башкармалыгынын башчысы И.А. менен "Ф.С.Л." компаниясынын директору Е.К.нын ортосунда келишим түзүлгөн. Эки күн аралыгында "Манас" аэропортунун эсебинен эки оффшордук компанияга каражат которулган. Ишкана сатылып жаткан учурда акциясы болгону 100 миң сомду түзгөн.

Тергөөнүн алкагында чыгарылып кеткен 5 миллион доллар акча Б.А.Т. аттуу айымга таандык экени аныкталган", - деп кошумчалайт маалымат кызматынан.

Ушул жылдын 30-сентябрында "Манас" эл аралык аэропортунун юридикалык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Б.М. кармалды. Ал убактылуу мүлктү өзгөчө ири көлөмдө сарптоого шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Absamat-90
2019-10-01 12:39:26
Мына Алибек кайдан кантип байыганы эми ачыкталды.
+1
altyn-kumush
2019-10-01 12:41:47
Мындай мыйзамсыз иштердин эрте-кеч ачыкка чыкканы жакшы жышаан. Ал убакта АША президент болуп турган ошол учурда сыртка акча чыгарып кеткен го АШАнын адамдары.
+2
elchi84
2019-10-01 13:05:23
Озу бизде жон айлыгына иштеген барбы?
+8
Ernestinio
2019-10-01 13:54:45
мына ушундай жолдор менен тоной тургандын баары тонолуп буткон, сатыла турган нерселердин баары сатылып кеткен, алардын акчалары Швеция банкында турат. дагы эле колдогула, АША нарды, Албегинерди, Сапарынарды, алар жыргатат ушинтип баарын сатып... НАКИПЕЛО
+6
Adilet88
2019-10-02 00:34:16
Бегалиев Мирлан бул Колбаев Камчынын бир тууган кудасы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан