Депутат Иса Өмүркулов Экономика министрлигинин ишине нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
“Бүгүнкү күндө Экономика министрлигинин орду жана ролу жок болуп жатат. Министрлик эмне менен алектенип жатат? Экономика министринин пландарын көрбөй жатабыз. Пландарды түзүшү зарыл. Бул маселе боюнча өкмөттүн Жогорку Кеңештин өкүлүнөн сурайбыз”, - дейт Өмүркулов.
Өмүркуловдун бул сөзүн Экмат Байбакпаев колдоду.
Учурда жыйында “Бюджеттик кодексине жана Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатат.