Депутат Бектен Сыдыгалиев Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине мүчө катары киргизилди. Мындай чечим бүгүн, 1-октябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитетинде кабыл алынды.
Бектен Сыдыгалиев Насыр Мусаевдин ордуна депутат болуп келген. Ал 11-сентябрда Жогорку Кеңеште ант берген. Насыр Мусаев мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган.
Сыдыгалиев мурда УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген.