Бишкек мэриясынын түзүмдөрүндө кызматтык абалынан пайдалануу фактысы катталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэрияда бөлүм башчы болуп иштеген А.Н. башкалар менен көмүскө бүтүмгө келишип, Биринчи Май районунун Калыс-Ордо конушунан 7,2 гектар участокту жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз бөлүп берген. Буга коомдук фонддордун биринин ишеничине кирүү менен 2 миллион сом өлчөмүндө акча каражатын алган. Мындан тышкары, А.Н. расмий документтерге, Бишкек шаардык мэриясынын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жасалма колун коюп, жерди бир категориядан башка категорияга которууга аракет жасаган.
Бул факт боюнча Бишкек шаардык мэриясынын бөлүм башчысы А.Н. жана С.А. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында башка адамдардын катышуусун аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.