Орусияда Кыргыз өлкөсүнөн келе жаткан жыпар жыттуу жасалма атырлар партиясы кармалды

Орусиянын бажы кызматкерлери тарабынан Кыргыз жарандары жүктөп бара жаткан 40 миң флакон жыпар жыттуу жасалма атырлар партиясы кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жасалма атырлардын этикеткаларында белгилүү бренддеги атырлардын аталыштары жазылган. "Оренбург облусунун бажы кызматкерлери аталган жүктү текшерүүдө 31 соода маркасына тиешелүү 44 миң 120 флакон жыпар жыттуу атырлар продукциясын таап чыккан. Алардын ичинде Dior, Chanel, Moschin сыяктуу белгилүү бренддер болгон", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жүктүн ээси тууралуу маалымат тактала элек. Бул факты боюнча административдик иш козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aidar.001
2019-10-01 15:34:09
Ммм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан