Чоочулабаңыз! Эртең Бишкекте жаратылыш кырсыктарына байланыштуу окуу өтүп, сиренанын үнү жаңырат

Эртең, 2-октябрда Бишкекте "Жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигин азайтуу күнү" аталышындагы иш-чара өтөт. Мындай маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлайт.

"2-октябрда болжол менен саат 11:00дө "Жер титирөө" аталышындагы атайын окуу өтөт. Буга байланыштуу борбор калаада 126 электр сирена (ачуу үн менен берген сигнал) иштеп, кырсыктын келип чыгышы жана коркунучу тууралуу маалымат айтылат. Электр сиреналарынын иштөөсүн текшерүү үчүн бир убакта 40 сирена иштейт. Андыктан бийик чыккан үндү укканда чоочулабаңыздар", - дейт маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан