Норвегиядан алты Кыргыз жараны депортацияланды

Норвегиядан 6 Кыргыз жараны депортацияланды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Норвегия өлкөсүнө мыйзамсыз кирүүгө айыпталып, 67 жаран өлкөдөн чыгарылды. Депортация болгондордун басымдуу бөлүгү Орус жана Казак жарандары. Анын ичинен алты адам Кыргыз жарандары болуп чыккан.

Мигранттар тиешелүү документтери жок жүргөндүктөн, Осло шаарында колго түшүрүлгөн. Суракта алар Норвегияга иш издеп келгенин айтышкан. Жергиликтүү полиция кызматкерлери мынча көп сандагы адамдын кармалышы жана өлкөдө мыйзамсыз жүрүшү Норвегия үчүн жат көрүнүш экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rysik79
2019-10-01 16:16:03
Норвегия наарындыктар да.
+7
elchi84
2019-10-01 18:24:34
Дуйнодо эн коп айлык акы толонуучу мамлекет Норвегия.
+8
tular
2019-10-01 23:25:27
Бизде кытайлар толуп кетти. Биздикилер качан депортация кылат болду экен...
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан