Өзбекстанда адам өлтүрүү, зордуктоо беренелери менен жоопко тартылып, издөөдө жүргөн жаран Баткенден кармалды

Өзбекстандын издөөдө жүргөн жараны Баткен облусунун Кадамжай районунан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү жаран Ташкент шаарында өзгөчө оор кылмыштар менен соттолуп, издөөдө жүргөн. Ал 2016-жылы чек араны бузуп, Баткен облусунун аймагына кирген. Ал аты-жөнүн Бекболот Кошоков деп өзгөртүп, үй-бүлө да курган.

"Кадамжай РИИБинин бангизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана 10-бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү жаран Кызыл-Кыя шаарынан кармалган. Тиешелүү иштерди жүргүзгөндө, кармалган жаран 1983-жылы туулган Сайдуллахон Аббосов экендиги аныкталган. Ал 2010-жылы Өзбек Республикасынын аймагында зордуктоо, адам өлтүрүү жана каракчылык беренелери менен жоопко тартылган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды. Бүгүнкү күндө бул жарандын үстүнөн Кызыл-Кыя жана Кадамжай шаарынын бир нече тургундары арызданып, шектүү жаран эл ишенимине кирип, жалпы 300 миң сомго алдап жүргөнү аныкталган. Териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Altyn10076
2019-10-01 19:08:31
Аа жакшы көбүрөөк келгиндерге жарандык бергиле.... Аз күндө ата - энеңерди сата баштайсыңар. Кагаз менен иштегендер.....
+7
Alinur96kg
2019-10-01 19:47:32
Кыргызстан наш общий дом.
+4
Shabi
2019-10-01 19:53:01
Alinur96kg,туура, Кыргызстан общий дом.даже жет жактын киши олтургучу да келип жашай алат.
+5
Aidar.001
2019-10-01 20:00:01
Биз жакта дагы успеть эткендир бул
+5
Omush94
2019-10-02 02:32:02
Жакшылап караса мындайлар толтура
+2
arnal78
2019-10-02 15:15:55
2016-жылдан бери ыкчам иликтоо кызматынын натыйжасында кармалган турбайбы.Браво!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан