Бүгүн, 1-октябрда Биринчи Май райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу боюнча соттук отурум белгиленген. Бирок отурум кайра 3-октябрга жылдырылды.
УКМКнын 9-кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаев Кой-Таш окуясы боюнча шектелип, 24-сентябрда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Ал адам өлтүрүүгө катышуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, тергөөгө тоскоолдук жаратуу жана баш аламандык уюштуруу фактысы боюнча айыпталып жатат.
Буга чейин Алмазбек Атамбаевди туулган күнүндө куттуктагандыгы үчүн анын жан сакчысы Канат Сагымбаев УКМКнын 9-кызматынан иштен алынган.