Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев СИЗО-1де мурдагы күч органдары менен бир камерада отурат

Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев СИЗО-1де мурдагы күч органдары менен бир камерада отурат. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

"Канат Сагымбаевдин жактоочусу Замир Жоошев бизге кат менен кайрылган. Катта Сагымбаев кандай жагдайда кармалып жатат, кандайдыр бир басымдар болуп жаткан жокпу деп жазылган. Бүгүн мен жана биздин эки кызматкер СИЗО-1ге барып Сагымбаевге жолугуп чыктык. Ал бир камерада 11 адам менен отурганын айтты. Ошондой эле ага эч ким басым кылбаганын, баары жайында экенин билдирди. Сагымбаев болгону мурдагы аскер адамы болсо дагы СИЗО-1ге камалып жатканын ага карата басым деп эсептей турганын айтты", - деди Сулайманов.

УКМКнын 9-кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаев Кой-Таш окуясы боюнча шектелип, 24-сентябрда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Ал адам өлтүрүүгө катышуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, тергөөгө тоскоолдук жаратуу жана баш аламандык уюштуруу фактысы боюнча айыпталып жатат.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевди туулган күнүндө куттуктагандыгы үчүн анын жан сакчысы Канат Сагымбаев УКМКнын 9-кызматынан иштен алынган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан