Сокулукта үйдөн кача бергени үчүн эжеси сиңдисин чынжырлап байлап койгон

Чүй облусунун Сокулук РИИБине Бишкек шаарынын 47 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызда Гүлмира аттуу аял ушул жылдын май айынан бери анын тууганын жана дагы эки бейтааныш аялды Сокулук районундагы үйлөрдүн биринде кулчулукта кармап турганын айткан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Ыкчам-тергөө тобу айтылган дарекке барганда 3 аялды табышкан. Алардын бири чынжырланган абалда болгон. Милиция кызматкерлери чынжырланган аялды жана шектүүнүн бир тууган сиңдисин суракка алышкан. Суракта чынжырланган аял психикалык жактан жабыркагандыктан, үйдөн кача бергени менен түшүндүрүп берген.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Сокулукта үйдөн кача бергени үчүн эжеси сиңдисин чынжырлап байлап койгон
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
assr
2019-10-01 21:16:00
меенетин берсин
0
melissa-ba
2019-10-02 16:31:53
Эмне Жастин Бибер жонундо жазбадынар чон жанылыкты калтырыпсынарго супер
0
ibro80
2019-10-02 17:20:03
Кызык псих болсо анда неге нан жасаоочу цехде чынжырлап иштетишет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан