КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбековдун таенеси 88 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.
"Бүгүн, 1-октябрда таенем биз менен 88 жашында коштошту. "Мен каза болгондо ыйлабагыла" деп баарыбызга ыраазы болуп, коштошуп кетти. 3-октябрь күнү Талас облусунун Талас районуна караштуу Балбал айылында сөөгү жерге берилет", - деп жазды Карыпбеков.
SUPER.KG порталы маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.