Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда бензовоздун жолунан мал чыга калып, кырсыкка кабылган. Тактап айтканда, жол кырсыгы 1-октябрь күнү Ош-Бишкек унаа жолунун 325-чакырымында Үч-Терек айылында болгон. Маалыматты облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Анда күйүүчү май ташыган унаа Оштон Бишкекке карай бара жатып, күтүүсүздөн алдынан мал чыга калган. Мындан улам унаа чукул бурулуш жасап, унаанын артындагы чиркемеси үзүлүп, май куюлган цистернасы жолду торогон. Ошондой эле жеңил унаа келип жолдун ортосун тороп турган цистернаны сүзгөн. Кырсыктан бензовоздун айдоочусу жеңил жаракат алып, ооруканага кайрылган эмес. Учурда териштирүү жүрүүдө.