Мугалимдер көбөйтүлгөн маяналарын ноябрь айында алышат

2019-жылдын октябрь айынан тарта 120 миңге жакын мугалимдин эмгек акысы 30 пайызга жогорулай турганын Билим берүү министрлиги айтып, маалымат тараткан.

Бирок аймактарда иштеген агартуучулар биздин порталга айлык көтөрүлөт деп айтылганы менен предметтердин сааттары кыскарып жатканын айтышты.

Бул суроого жооп алуу үчүн SUPER.KG порталы Билим берүү министрлигине байланышып, төмөнкүдөй жооп алды.

"Билим берүү министрлиги окуу программалары жана негизги окуу планы менен бекитилген сааттардын санын кыскартпайт. Мектепке чейинки, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин окуу программалары да өзгөрбөйт", - деди министрликтин маалымат кызматынан.

Ал эми мугалимдер 30 пайызга маяналарынын көтөрүлгөнүнө түшүнө албай жатышат. Алардын айтымында, буга чейин дагы өкмөт тарабынан айлык көтөрүлүүсү боюнча маалымат таратылып, алар күткөндөй жыйынтык болгон эмес. Бул тууралуу Ош шаарындагы №7 Нариман атындагы мектеп-гимназиясынын мугалими Айсалкын Абдиева айтып,төмөнкүлөргө токтолду.

"Азыр убадаланган суммадагы айлыкты ала элекпиз. Жыйынтыгы ноябрь айында билинет. Бирок буга чейин дагы айлык көтөрүлөт деп, убадалаган сумма берилген эмес", - деди 38 жылдык тажрыйбасы бар мугалим Айсалкын Абдиева.

Билим берүү министрлиги 1-октябрдан баштап жалпы билим берүү мекемелериндеги бардык категориялар боюнча айлык акысы көтөрүлгөн кызматкерлердин тизмесин жарыялады.

- 74 миң 709 жалпы билим берүү мекемелериндеги мугалимдер;

- 7 миң 694 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары;

- 3 миң 680 кесиптик билим берүү мекемелеринин кызматкерлери;

- 7 миң 427 орто билим берүү кызматкерлери (колледж);

- башка кызматкерлер: 23 миң 339 (бардык билим берүү уюмдарындагы административдик башкаруу жамааты, кошумча ийрим өтүүчү мугалимдер, методисттер, балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттарынын тарбиячылары).

Ошондой эле өкмөттүн чечими менен китепканачылардын маянасы жана китепкана иши үчүн кошумча төлөмдөр жогорулаган.

Жалпысынан билим берүү тармагындагы 120 миңге жакын кызматкердин айлыгы көтөрүлдү.

Бул үчүн 2019-жылдын октябрь-декабрь айларына 1 миллиард 742 миллион 5 миң сом керектелсе, 2020-жылга 6 миллиард 969 миллион 6 миң сом сарпталат.

Билим берүү жана илим министрлиги мектептердеги кенже техникалык кызматкерлердин айлык акысы кыскартылбай турганын эскертет.

дун/кызматкердин аталышы

билим даражасы

азыркы маянасынын көлөмү

маянасы көтөрүлгөндөн кийин

азыркы орто айлык акы

адисти теңдештирүүнү эске алуу менен эмгек акыны 30%га көтөргөндө

айырма +/ -

Мектепте аптасына 20 саат менен иштеген мугалим

(саатына айлык)

атайын орто

60

78

11 460,00

14 898,00

3 438,00

бакалавр

67,5

87,8

12 796,20

16 635,10

3 838,90

дипломдуу адис

67,5

97,5

12 796,20

18 481,60

5 685,40

магистр

75

97,5

14 132,50

18 372,30

4 239,80

Аптасына 36 сааттык жүктөм менен иштеген тарбиячы

(саатына айлык)

атайын орто

57,6

74,9

12 281,40

15 965,80

3 684,40

бакалавр

63

81,9

13 367,10

17 377,20

4 010,10

дипломдуу адис

63

88,9

13 367,10

18 871,70

5 504,60

магистр

68,4

88,9

14 452,90

18 788,80

4 335,90

Аптасына 30 сааттык жүктөм менен иштеген тарбиячы

(саатына айлык)

атайын орто

49,4

64,2

10 336,60

13 437,60

3 101,00

бакалавр

54,6

71

11 319,40

14 715,20

3 395,80

дипломдуу адис

54,6

76

11 319,40

15 760,00

4 440,60

магистр

58,5

76

13 529,90

17 588,90

4 059,00

Аптасына 20 сааттык жүктөм менен иштеген ийрим мугалими

атайын орто

7500

9750

10 673,50

13 875,60

3 202,10

бакалавр

8250

10725

11 670,90

15 172,20

3 501,30

дипломдуу адис

8250

11700

11 670,90

16 552,90

4 882,00

магистр

9000

11700

12 668,20

16 468,70

3 800,50

Кесиптик лицейде аптасына 40 сааттык жүктөм менен иштеген өндүрүштүк билим берүү боюнча мастер

атайын орто

6750

8775

9 676,20

12 579,10

2 902,90

бакалавр

7200

9360

10 274,60

13 357,00

3 082,40

дипломдуу адис

7200

10725

10 274,60

15 307,10

5 032,50

магистр

8250

10725

11 670,90

15 172,20

3 501,30

Орто кесиптик билим берүү уюмдарындагы окутуучу

атайын орто

5000

6500

7349

9 553,70

2 204,70

бакалавр

5500

7150

8013,9

10 418,10

2 404,20

дипломдуу адис

5500

7800

8013,9

11 366,20

3 352,30

магистр

6000

7800

8678,8

11 282,40

2 603,60

Методикалык жумушчулар (квалификация жогорулатуу борборлору, билим берүү институттары, методикалык кабинеттер)

5000

6 500

6 100

7 930

1 830

Административдик-башкаруу персоналы

7800

10 140

9516

12 371

2855

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tular
2019-10-02 12:40:57
Сааттарды кыскартып эле коюшту. Мен өзүм мугалим болуп иштейм
+1
sainazarov0555
2019-10-02 13:22:39
Мугалимдерге кошкону менен дарыгерлер индикатор боюнча толонуучу акчасын алыша элек, медайымдарга ОМС да жок болот деп жатышат.
0
zhaku2017
2019-10-02 13:48:07
Айлыктардын аты бар, заты жок. Элиталарды багып жүрө беребизби. Элиталардын айлыгын, чыгымын кыскартып мугалимдерге бөлүштүрүп бергиле. Ошондо адилеттүүлүк болот.
+2
sainazarov0555
2019-10-02 15:08:54
Колго тийген айлыгым 5308 сом :)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан