Бишкектин Свердлов районундагы Чоң Чүй каналына 19 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-октябрга караган түнү саат 01:19да Алма-Ата көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 19 жаштагы бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат ӨКМга келип түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылган.
Учурда бала табыла элек.